Министрлик “Дастан” менен “Евразия сактык банкын” кайра Мүлк фондуна өткөрөт

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фондунан мурда өткөрүп алган ишканалар.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги бир жыл мурун өзүнө алган “Дастан” ишканасын жана “Евразия сактык банкы” мамлекеттик банкын кайрадан Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фондуна өткөрүп берет. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткарып жаткан Нурия Кутнаева Жогорку Кеңештин 13-сентябрдагы жыйынында билдирди.

Депутат Дастан Бекешев аталган министрликке мурда өткөрүлгөн мүлктөрдү мурдагы министр Талант Иманов “баарын өзү көзөмөлдөө үчүн алганын алганын” айтып, алардын тагдыры тууралуу сурады. Кутнаева алардын айрымдары министрликте калып, кээлери кайра анын балансынан чыгарыларын тактады.

“Мен “Мега” компаниясы менен “Кыргызтелеком” ишканасы Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдында калышы керек деп эсептейм. Бул процессти дагы да тездетүү үчүн зарыл. Калган мүлктөр, “Дастан” ишканасы жана “Евразия сактык банкы” жөнүндө айтсам, мага аны кайра өткөрүп берүү боюнча тапшырма берилди. Бул боюнча өлкөнүн жетекчилиги менен макулдашылды, аларды Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фондуна өткөрүп беребиз. Себеби алар санариптештирүүгө эч кандай тиешеси жок. Биз мындан ары жалаң санариптештирүүнүн үстүндө иштей баштайбыз, башка долбоорлор болбошу керек”, – деди Нурия Кутнаева.

Жогорку Кеңеш 13-сентябрда өкмөттүн курамындагы өзгөрүүлөрдү, жаңыдан сунушталган министрлерди бекитүү маселесин карап жатат. 12-сентябрда министрлердин талапкерлигин тармактык комитеттер жактырган.

2022-жылдын 10-майында Министрлер кабинети “Кыргызтелеком”, “Евразия сактык банкы”, “Альфа Телеком” (“Мега” мобилдик оператору), “Дастан” ишканаларындагы мамлекеттин акцияларын Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан Санарип өнүгүү министрлигине өткөрүп берген. Бул кадам мамлекеттин үлүшү бар ишканалардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында деп жазылган.

Министрлер кабинетин төрагасы Акылбек Жапаров кийин “Азаттыкка" берген комментарийинде, муну “учурдагы шартка жооп берген финансылык технологияларды бир жерге топтоп, кызмат көрсөтүүнү уюштуруу максаты” менен түшүндүргөн.

Бул кабар ачыкка чыккан соң бир катар оппозициячыл саясатчылар долбоор ошол учурда кармалып, үй камагына бошотулган Алексей Ширшов менен байланышта болушу мүмкүн деп сындап чыгышкан. Алар "Дастан" заводун буга чейин башкарган Ширшов менен санариптик өнүктүрүү министри Талант Иманов менен байланышта экенин айтып, мамлекеттик ишканалар коррупциялык схемага айланбайбы” деген чочулоосун билдиришкен.

12-сентябрда Нурия Кутнаеванын талапкерлиги парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламент комитетинде каралып жаткан маалда да депутат Жанарбек Акаев министрликтеги мүлктөр маселесин козгоп, аларга коррупциялык иштерде аты аталган Алексей Ширшовдун таасири бар экенин айткан. (ErN)

Дагы караңыз

ТИМ: Кыргызстан Азербайжандын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн колдойтОрус армиясы Одессага "Шахеддер" менен чабуул койдуКазакстанда камакта отурган Эрмек Маркабаевдин маселеси Жогорку Кеңеште көтөрүлдү