Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:31

ТИМ: Кыргызстан Азербайжандын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн колдойт


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги.

Кыргызстан Тоолуу Карабактагы соңку окуяларга байланыштуу Азербайжандын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн колдойт. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 12-сентябрда тараткан билдирүүдө айтылды:

“Эл аралык таанылган чек аралардын бүтүндүгүн чечкиндүү түрдө жактап, Кыргыз Республикасы бардык маселелерди БУУнун Уставына жана эл аралык укуктун негизги принциптерине жана нормаларына ылайык саясий жана дипломатиялык жолдор менен чечүүгө чакырат”.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып алгач 1980-жылдары согушкан. 2020-жылы эки өлкө катуу кагылышып, уруш алты аптага созулган. Жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган. Соңку апталарда аймактагы Лачын коридоруна байланыштуу кырдаал күчөгөн. Өткөн жумада бул коридорду гуманитардык жардам үчүн ачуу макулдашылганы белгилүү болгон. 9-сентябрда жикчил Тоолуу Карабактын парламенти аймактын жаңы башчысын шайлаганын кабарлаган. Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги бул шайлоону мыйзамсыз деп баалаган.

XS
SM
MD
LG