Иликтөөчүлөр Украинадагы согушта өлгөн 31 миңден ашык орусиялык аскердин тек-жайын тактады

"Медиазона" басылмасы, ВВС радиосунун орус кызматы жана ыктыярчылар Украинадагы согушта өлгөн орусиялык 31 665 аскердин тек-жайын тактады.

Алардын 3500ден көбү мобилизацияланган жарандар экени 8-сентябрдагы маалыматта айтылат. Иликтөөчүлөр согушта набыт болгондор тууралуу ачык документтерге, маркумдардын жакындарына шилтеме жасап, мүрзөлөрдөгү маалыматтарга мониторинг жүргүзөт. Алар жоготуулардын так саны мындан эки эсе көп болушу ыктымалдыгын четке кагышпайт.

Иликтөөдө айтылгандай, каза тапкан аскерлер тууралуу "кара кагаз" көбүнчө Свердлов, Челябинск, Ростов облустарына, Башкырстан, Бурятияга келген.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинадагы согуштагы жоготуулары тууралуу ачык айтпайт жана журналисттер жарыялаган маалыматтарга да түшүндүрмө бербейт. АКШ быйыл январда Украинадагы согушта орус армиясынан набыт болгон жана жаракат алгандардын саны болжол менен 270-300 миң адам экенин билдирген.

Киев акыркы жолу мекенин коргоп курман болгон аскерлеринин саны 13 миңдей экенин маалымдаган.

Дагы караңыз

CPJ кыргыз бийлигин "Клоопко" басымды токтотууга чакырды Кубада Украинадагы согушка тартылган деген шек менен 17 адам кармалдыӨкмөттөгү өзгөрүү Бейшеналиев менен Зулушев жаңжалын эске салды