Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:36

CPJ кыргыз бийлигин "Клоопко" басымды токтотууга чакырды


Эл аралык Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) кыргыз бийлигине "Клооп" басылмасына кысым жасоону токтотууга чакырды.

- "Клооптун" коррупцияга каршы элдешкис иликтөөлөрү үчүн кыргыз бийлигинин өч алуу мүдөөсү өтө чоң окшойт, - деди уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча программасынын Нью-Йорктогу координатору Гүлноза Саид.

Ал Кыргызстандагы “Анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам - аткаминерлердин кызыкчылыгын коргоп, эркин медианы ооздуктоого курал болуп жатканы белгиледи. Билдирүү 8-сентябрда комитеттин сайтына жарыяланды.

“Клооп” басылмасы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “cаясатчы Равшан Жээнбеков убактылуу кармоочу жайда кыйноого кабылганы” тууралуу жаңылыкты сайтынан алып салууну талап кылганын билдирди.

Порталдын сайтындагы кабарга ылайык, 7-сентябрдын кечинде басылманын почтасына министрликтен материалда "жалган маалымат бар” деген кат келген. Бирок кайсы маалымат жалган экени так көрсөтүлгөн эмес.

“Клооптун” белгилешинче, министрликке сөз болуп жаткан маалымат жалган экени тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) кайрылган. Министрлик жаңылыкты эки жумушчу күндүн ичинде өчүрүүнү талап кылып, антпесе Kloop.kg сайты бөгөттөлөрүн эскерткен.

Аталган министрликтен кат жөнөтүлгөнүн ырасташты.

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин, аны менен кошо жоопкерчилик болушу керектигин кайталап келет. Сөз эркиндиги, адам укугу жаатындагы жергиликтүү жана эл аралык уюмдар "Клооп Медиа" мекемесин жабуу аракетине тынчсыздануусун билдирген кайрылуу тараткан.

1-сентябрда Kloop.kg сайтына "Кемпир-Абад иши" боюнча абакта жаткан оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбековдун тергөө абагында кыйноого кабылганы тууралуу билдирүүсү чыккан. Ошол эле жаңылыкка Жаза аткаруу кызматынын да комментарийи кошулган. Жаза аткаруу кызматы саясатчы тергөө абагында кыйноого кабылбаганын, бардыгы мыйзам чегинде кармалып жатканын билдирген.

Буга чейин Бишкек шаардык прокуратурасы “Клооп” басылмасын жабуу боюнча сотко кайрылып, отурум 26-сентябрга белгиленген. Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун сотко жолдогон кайрылуусунда “Клооп” басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялап жатканы” жазылган. Медиа коомчулук прокурордун мындай кайрылуусун басма сөз эркиндигине басым катары сыпаттаган.

XS
SM
MD
LG