Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:34

Кубада Украинадагы согушка тартылган деген шек менен 17 адам кармалды


Кубада тартылган сүрөт. Иллюстрация.
Кубада тартылган сүрөт. Иллюстрация.

Куба бийлиги Украинадагы согушка катышуу үчүн орус армиясына жарандарды тарткан деген шек менен 17 киши кармалганын жарыялады. Алардын баары камакка алынганын өлкөнүн ички иштер министри Сезар Родригесге таянып Reuters агенттиги жазды.

Министр топтун лидери аралда жашаган эки адамга таянып иштегенин белгилейт.

Апта башында Куба бийликтери адамдарды Украинада орус күчтөрүнүн катарында согушууга мажбурлаган кылмыштуу топтун бетин ачканын билдирген. Ички иштер министрлиги адам аткезчилиги менен алектенгендер Орусиядан келгенин айтууда.

Прокурор Хосе Луис Рейес бул кылмыш үчүн 30 жылга же өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратуу, өлүм жазасына тартуу жазасы каралганын билдирген.

XS
SM
MD
LG