Стамбулда 2-сентябрда кылмыштуу топтордун ортосундагы атышуусунда бир өзбек жараны каза болгону аныкталды. Өзбекстандын Стамбулдагы башкы консулдугу 7-сентябрда билдиргендей, набыт болгон 46 жаштагы мигрант Самарканд шаарынан иштегени келген. Сөөгү мекенине учакта жеткирилди.
Жергиликтүү полиция ок атышкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармады. Каза тапкан өзбекстандыктын ал топторго тиешеси бар же жогу маалым эмес.
Дагы караңыз
Ысык-Көлдөн 14 тоннага жакын таштанды чыгарылдыСанариптик өнүктүрүү министри Талант Иманов кызматтан кеттиМадумаровдун иши: “Бүтүн Кыргызстан” спикерге комиссия түзүү сунушун бердиТикТоктун өкүлдөрү кыргыз өкмөтү менен сүйлөшүү үчүн Бишкекке келди