Мамыралиев Антимонополиянын төрагасы болуп дайындалды

Айбек Мамыралиев.

Айбек Мамыралиев Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

42 жаштагы Айбек Мамыралиев 2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция адистигин аяктаган. Эмгек жолун 2004-жылы Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигинин инвестициялык саясат бөлүмүнүн адиси болуп баштаган. 2013-жылдан бери Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын статс-катчысы болуп иштеп келаткан.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын мурдагы жетекчиси Кеңешбай Тайлаков быйыл август айында кызматтан кеткен. Ал бул кызматка 2021-жылы апрелде дайындалган. (BTo)

Дагы караңыз

Британ өкмөтү "Вагнер" компаниясын террордук уюм деп тааныйтӨзбек парламенти көп аялдуулукту жактагандарды жазалоону сунуштадыТүркияда сел бери дегенде беш адамдын өмүрүн алдыКазакстан: активистти сабаган абак кызматкерлерин иштен алуу сунушталдыАзия оюндары: Кытайга Кыргызстандан 230дан ашуун киши баратТажикстанда "Ансоруллох" тобунун үч согушкери жок кылынды"Клооп Медианы" жабууга байланыштуу сот 26-сентябрга белгилендиСамаков соттуулугу жоюлганын билдирди, БШК иликтөө жүргүзүүдөОрусия Киев менен Одессага сокку урганда бир киши каза болдуКөкүлов менен Иманалиевдин кайым айтышы парламентте талкууландыМинистрлик кызамык жугузгандар азайып баратканын кабарлады