Өзбекстанда көп аял алууну коомго жайылткандарга, аялдар менен эркектердин тең укуктуулугун тааныбагандарга жаза колдонуу сунушталууда. “Кылмыш жана административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодекске" өзгөртүү жана толуктоо киргизилип жатканын парламенттин басма сөз кызматы 5-сентябрда билдирди.
Өзбек парламентинин Төмөнкү палатасы тийиштүү мыйзам долбоорун эки окууда карап, жактырды. Депутаттар мындай мыйзам Европанын бир катар мамлекеттеринде, Казакстанда, Индия жана Индонезияда колдонорун мисал келтирүүдө.
Документке ылайык, коомдук жайларда бети-башын чүмкөп жүргөндөрдү да административдик жазага тартуу каралган.
Мыйзам долбоорунда башкалардын диний, улуттук, этностук өзгөчөлүгүнө карап басынткандардын, мыйзамдуу никеси жокторго диний нике кыйгандардын жоопкерчилигин кароо да белгиленген.
Сенат жактырып, президент кол койсо мыйзам күчүнө кирет.