Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:45

Казакстан: активистти сабаган абак кызматкерлерин иштен алуу сунушталды


Тимур Данебаев
Тимур Данебаев

Казакстанда активист Тимур Данебаевдин сабалып, кыйноого алынганы тартылган видео жарыялангандан кийин Акмоло облусундагы түрмөнүн 11 кызматкерин жумуштан бошотуу сунушталды. Бул тууралуу 6-сентябрда өлкөнүн Жаза аткаруу комитети кабарлады.

Мындан тышкары кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында Жаза аткаруу тутумунун облустук башкармалыгынын жетекчисин жана анын орун басарын, колониянын башчысын ээлеген кызматынан четтетүү сунушталды.

Прокуратура сотко чейинки иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Бир күн мурун социалдык тармактарда Акмоло облусунун Атбасар шаарындагы колониянын кызматкерлери Данебаевди ур-токмокко алып, ал аракетин активисттин дааратканаларды тазалоодон баш тартканы менен түшүндүргөнү тартылган видео тараган.

Тимур Данебаев – Январь окуясынан кийин "20 миң террорчу тууралуу жалган маалымат таратты деп" президент Токаевге каршы арыз жазууга аракет кылган. Июнда сот "Улут аралык кастыкты козутту" деп айыпталган аны үч жылга эркинен ажыраткан.

XS
SM
MD
LG