Министр Кулубаев ЖККУ баш катчысы менен кызматташтыкты талкуулады

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жана ЖККУнун баш катчысы Имангали Тасмагамбетов. 6-сентябрь, 2023-жыл

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 6-сентбярда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) баш катчысы Имангали Тасмагамбетов менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Тараптар уюмдун алкагында кызматташууну мындан ары да бекемдөө боюнча пикир алышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө ушул жылы Минск шаарында өткөрүлүшү пландалган ЖККУнун тышкы иштер министрлер, еоргоо министрлер кеңеши жана коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинин биргелешкен жыйынына даярдыктар тууралуу маалымат берилди.

Министр уюмдун алкагында натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыгына кызыкдар экенин билдирди.

1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө бар – Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан. “Бул уюм кагазда гана калып иш жүзүндө иштебейт” деген сын дооматтар айтылып келет.

Үч жыл уюмда баш катчылыкты аркалаган Станислав Зась быйыл бул кызматты казакстандык саясатчы Имангали Тасмагамбетовго өткөрүп берген. Бул жылы уюмга төрагалык кылуу Армениядан Беларуска өткөн.(КЕ)

Дагы караңыз

Министрлик: Окуучуларды китеп менен толук камсыздоо үчүн 5 млрд сом керекАКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Киевге келдиСамаков соттуулугу жоюлганын билдирди, БШК иликтөө жүргүзүүдөСузакта жүргүнчүгө ок атылган окуяга байланыштуу дагы эки адам кармалды