Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:17

Сузакта жүргүнчүгө ок атылган окуяга байланыштуу дагы эки адам кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сузакта жүргүнчүгө ок атылган окуяга байланыштуу дагы эки адам кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, окуя 30-августка караган түнү катталган.

"Дэу Нексия" үлгүсүндөгү унаада жүргүнчү катары бара жаткан 29 жаштагы жаранга "Хендай Гетс" үлгүсүндөгү машине менен келген белгисиз адамдар бир нече жолу ок чыгарган. Жабырлануучу оор жараат алып, облустук ооруканага жаткырылган.

Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренеси ("Адам өлтүрүүгө аракеттенүү") кылмыш ишин козгогон.

Кылмышка шектүү катары Сузак районунун 38 жаштагы тургуну кармалып, 5-сентябрда соттун чечими менен эки айга камалган.

Соңку маалыматка караганда, кийин кармалган эки киши да Сузак районунун тургундары. Бири 1999-жылы, экинчиси 2000-жылы туулган. (ТВ)

XS
SM
MD
LG