Кемпир-Абад иши: материал менен таанышууга кошумча убакыт берилди

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандар. Сүрөттөгүлөрдүн ичинен укук коргоочу Рита Карасартова менен активист Атай Бейшенбек үй камагына чыккан.

5-сентябрда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып абакта жаткандар тергөөнүн материалдары менен таанышуу үчүн дагы убакыт сурап, аны судья Марат Сыдыков канааттандырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” бул иш боюнча айыпталып жаткан оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбековдун адвокаты Эркин Саданбеков билдирди.

Анын сөзүнө караганда, тергөө абагында жаткан саясатчылар Азимбек Бекназаров, Кеңешбек Дүйшөбаев, Равшан Жээнбеков, Жеңиш Молдокматов, Айбек Бузурманкулов жана активист Марат Баязов материалдар менен толук тааныша албаганын айтып дагы убакыт сураган. Судья өтүнүчтү колдоп 13-сентябрга чейин убакыт берди.

“Абактагылар материалдар менен таанышуу үчүн саат тогуздан кечки алтыга чейин убакыт сурашты. Андан тышкары тергөөнүн видеолорун көрүү үчүн ноутбук сурашты. Бирок сотто ноутбук жок болгондуктан техниканы адвокаттар жана абактагылардын жакындары алып келгени калды”, - деди Эркин Саданбеков.

Иштин материалдары менен таанышуу үчүн деген негизде 21-августта Кемпир-Абад иши боюнча соттук жараян болбой, кийинки отурум 5-сентябрга дайындалган. Бул убакыт ичинде шектүүлөр материалдарды окуп чыгышты. Алар судья сот отурумун утур-утур жылдырып, шектүүлөргө иштин материалдары менен таанышууга мүмкүнчүлүк бербей жатканын айтып арызданышкан.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер былтыр октябрда камалган. Ушул тапта кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Калгандары буга чейин түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин июнь айында сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон. Абактагылар мунун баарын саясий куугунтук катары сыпатташкан. (BTo)

Дагы караңыз

Германия Украинага Gepard зениттик системасы үчүн ок-дары бердиКыргызстан жарандык паспортту өзү чыгара баштайтЖозеп Боррел Грузияга иш сапар менен баратАфрика лидерлери Зимбабве президентинин инаугурациясына бойкот жарыялаштыӨзбек өкмөтү көзү өткөн Шерали Жураевге сый көрсөттүМандатынан ажыратылган эки депутат Бишкек шаардык сотуна кайрылды