Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:10

Мандатынан ажыратылган эки депутат Бишкек шаардык сотуна кайрылды


Жогорку Кеңештин мандатынан ажыраган депутаты Фархат Исмаилов Бишкектин административдик сотунун чечимине каршы шаардык сотко кайрылды.

Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматы 5-сентябрда “Азаттыкка” билдирди. Исмаиловдун арызы кайсы күнү каралары тактала элек.

Мандатынан ажыратылган дагы бир депутат Фарходбек Алимжанов дагы шаардык сотко арызданганын анын адвокаты Таалайгүл Токтакунова “Азаттыкка” ырастады.

Борбордук шайлоо комиссиясы 6-июлда Алимжанов менен Исмаиловду мандатынан ажыраткан. Эки депутат тең мындай чечимге каршы сотко арызданган. Бишкектин административдик соту алардын арызын канааттандырган эмес.

Былтыр апрелде Улуттук коопсуздук комитети Исмаилов менен Алимжановдун жогорку билими жөнүндөгү документтери жасалма болуп чыкканы тууралуу БШКга маалымат берилгенин билдирген.

Парламенттин сайтындагы маалыматка ылайык, Исмаилов Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетти жана Юридикалык академияны аяктаган. Ал эми Алимжанов жогорку билимди алгач Ош мамлекеттик университетинде, андан кийин президентке караштуу Башкаруу академиясынан алган.

Экөө тең дипломдору жасалма деген маалыматты четке кагып, мандатын коргоо үчүн мыйзамдуу кадамдарга бара турганын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG