Быйыл кышында үйлөрдү электр энергиясы менен жылытууга тыюу салынат. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев 4-сентябрда “Биринчи радиодогу” маегинде айтты.
“Быйыл биз электр энергиясы менен жылытууга толук тыюу салганы жатабыз. Ар бир кардар белгиленген чекте электр жарыгын алат. Ал алдын ала эсеп менен ар бир үйгө 5 кВт/саат болот экен. Эч кандай маал-маалы менен өчүрүүлөр болбойт. Күндүз электр энергиясы үч маал өчүрүлөт деген маалыматтар туура эмес. Бирок үнөмдөш керек. Азыр тойканаларда да бул тууралуу жарыялар кетип жатат”.
Талайбек Байгазиев үйлөрдү электр энергиясы менен жылытууга салына турган тыюу боюнча “Азаттыкка” түшүндүрмө берди. Ал акылдуу эсептегичтер коюлган үйлөрдө электр жарыгы бир саатта 5 кВт/сааттан ашып кетсе, жарык өчүрүлөрүн айтты. Ал эми акылдуу эсептегичи жок үйлөрдө рейддер өткөрүлөт.
Министрдин орун басарынын сөзү боюнча, быйыл “Токтогул” гидроэлектр станциясында (ГЭС) суу өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 2 млрд куб метр аз топтолду.
Ушундан улам Кыргызстан күз-кыш мезгилинде Орусия менен Түркмөнстандан 3,4 млрд кВт/саат электр энергиясын сатып алат. Анын баасы боюнча орток пикир табыла элек.
Эң ири Токтогул суу сактагычында суу аз болуп жаткандыктан, электр кубатын өндүрүү быйыл 15 млрд кВт/саатка жетпей калышы мүмкүн деп болжолдонууда. (BTo)
Дагы караңыз
Ошто бассейнде адамды бычак менен сайып жиберген шектүү абактан чыктыОрусиялык активист Алена Крылованын тергөө абагындагы мөөнөтү узартылдыАэропорттун кызматкерлери алтын аткезчилигине көмөктөшкөн деп шек саналууда NYT Ким Чен Ын Орусияга иш сапар менен келиши мүмкүндүгүн жаздыОрус армиясы Запорожьенин 26 шаар-кыштагына сокку урдуМандатынан ажыратылган эки депутат Бишкек шаардык сотуна кайрылдыБишкек мэриясы жол кирени көтөрүүнү сунуштадыTimes Назарбаевдин үй-бүлөсүнүн Британиядагы мүлкү тууралуу макала жарыялады