Ош шаарында бассейндердин биринде эс алып жүргөн 22 жаштагы жигитке бычак сайып жиберген адам тергөө абагынан чыкты. Бул тууралуу Ош шаардык сотунун басма сөз кызматы кабарлады. Маалымат боюнча, сот тиешелүү токтомду 29-августта чыгарган. Буга шектүү менен жабырлануучу жарашып алганы негиз болгон.
Ушул жылдын 22-июлунда Ошто бассейндердин биринде эс алып жүргөн адамды 28 жаштагы шектүү бычак менен сайып жиберип, жабырлануучу ооруканага түшкөн. Ал көрсөтмөсүндө бассейнде эс алып жүрүп, белгисиз бирөө менен уруша кеткенин, шектүү бычак менен бел тушуна сайып, качып кеткенин айткан.
Ош шаардык милициясы шектүү мурда бир нече жолу соттолгонун, кылмыш чөйрөсүнүн идеяларын колдогон “Коён” деген каймана ат менен белгилүү адам экенин билдирген.
Быйыл 13-январда Ош шаарында белгисиз бирөөлөр бир кишини арматура менен сабап жатканы тартылган видео коомчулукта катуу талкуу жараткан. Үрөй учурган бул окуяда бир адам өлүп, дагы бир киши жаракат алаган.
Бассейнде жабырлануучуну бычак менен сайган адам ошол арматура менен сабалган жигит экени бегилүү болгон. (BTo)
Дагы караңыз
Орусиялык активист Алена Крылованын тергөө абагындагы мөөнөтү узартылдыАэропорттун кызматкерлери алтын аткезчилигине көмөктөшкөн деп шек саналууда NYT Ким Чен Ын Орусияга иш сапар менен келиши мүмкүндүгүн жаздыОрус армиясы Запорожьенин 26 шаар-кыштагына сокку урдуМандатынан ажыратылган эки депутат Бишкек шаардык сотуна кайрылды