БУУ "Ислам мамлекети" Борбор Азияга коркунуч туудурушу мүмкүн экенин эскертти

"Ислам мамлекети-Хорасан" терродук тобунун башчысы Хафез Саид Ооганстан менен Пакистандын чек арасында тартылган видеодон алынган кадр. Качан тартылганы белгисиз. Хафез Саид 2015-жылы жок кылынган.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши "Ислам мамлекети" террордук тобунун "Хорасан" канатынын ишмердүүлүгүнө тынчсыздануусун билдирип, ал Ооганстанга жана Борбор Азия мамлекеттерине "олуттуу коркунуч" туудурушу мүмкүн экенин эскертти.

Уюмдун "Ислам мамлекети" радикал тобунан тараган коркунуч тууралуу баяндамасында бул топтун жоочуларынын саны 4 миңден 6миңге чейин экени (үй-бүлө мүчөлөрү менен бирдикте) белгиленген.

Маалыматка караганда, террорчулардын "Хорасан добушу" басылмасы аймактан жаңы адамдарды азгыруу максатында атайын пуштун, перс, тажик, өзбек жана орус тилдеринде чыгарылат.

"Ислам мамлекети-Хорасан" террордук тобу тууралуу алгач 2015-жылы маалым болгон. Бул топ негизги ишмердүүлүгүн Ооганстан менен Пакистандын аймагында жүргүзөт.

Ошону менен катар байыркы Хорасан провинциясы азыркы Түркмөнстан, Иран, Өзбекстан жана Тажикстандын аймагында жайгашкандыктан, топ бул аймактарды өзүнө каратып алууну көздөйт.

Террордук топтун баш кеңсеси Ооганстандын чыгышындагы Нангархар провинциясында жайгашкан. 2016-жылы АКШнын мамдепартаменти "Ислам мамлекети-Хорасан" тобун террордук уюмдардын тизмесине киргизген.

Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү Ооганстанды террорчулуктун уюмуна айлантууга жол бербөөгө чакырып, талибдердин бийлигин "Ислам мамлекети" радикал уюмун түп тамырынан бери жок кылуу" убадасынан кайтпоого чакырган.

Ал эми Ооганстандын башында турган талибдердин бийлиги БУУнун Коопсуздук кеңешинин бул баяндамасын негизсиз деп атап, "Ислам мамлекетинин" Ооганстандагы ишмердүүлүгү дээрлик токтогонун билдирди.

Дагы караңыз

Кызыл-Кыя: жолбун ит капкан сегиз адамдын алтоо ооруканадан чыктыОоганстан: талибдер аялдарга Банде-Амир паркына барууга тыюу салды Калугада мигранттардан армия менен келишим түзүүнү талап кылып жатышат