Ооганстанда YouTube жылдызынын өлүмүнө шек саналгандар кармалды

Кабулда өлтүрүлгөн YouTube жылдызы Хора Садат.

Ооганстандын башында турган талибдердин өкмөтү 24-августта билдиргендей, YouTube аркылуу белгилүү болгон блогер аял Хора Садаттын өлүмүнө шектелген эки адам кармалды. Окуя баш калаа Кабулда 21-августта болгон.

Хора Садат Ютубда социалдык темаларды чагылдырган видеолорду жайгаштырып келген. Анын каналына 300 миңден көп киши катталган.

Ооганстанды талибдер басып алган 2021-жылдын август айынан бери аялдарга карата зордук-зомбулук күч алды. Ошондой эле журналисттерди камоо жана өлтүрүү фактылары көбөйдү.

Соңку айларда эле өлкөнүн ар кайсы аймактарында бир нече журналист камалган.

Ондогон медиа каражаттары чектөөлөрдөн жана каржынын жоктугунан жабылууга аргасыз болушту.

Талибдердин куугунтугунан улам жүздөгөн журналисттер өлкөдөн чыгып кетишти.

Дагы караңыз

"Азаттык" көрсөткөн Кырчын айылы интернет менен камсыз болдуЫсык-Көлдө президенттик лицей ачылдыБерлинде кыргыз-немис кызматташтыгы талкуулануудаОрусиянын армиясы Украинанын Одесса облусун аткылады