Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:37

Ысык-Көлдө президенттик лицей ачылды


"Акылман" президенттик лицейи.
"Акылман" президенттик лицейи.

Чолпон-Ата шаарында адистештирилген жалпы билим берүүчү “Акылман" президенттик лицейи ачылды. Анын ачылышына мамлекет башчы Садыр Жапаров жана билим берүү министри Каныбек Иманалиев катышты.

Лицейдин директору Эмил Рыскуловдун айтымында, республика боюнча 1500 окуучу Жалпы республикалык тестирлөө борборунун атайын тесттинен өтүп, анын ичинен 75 окуучу тандап алынган. Тандоону Билим берүү жана илим министри уюштурган.

"Лицейде окууну 7-класстан баштап окута баштайбыз. Жатаканасы бар, негизи биз 350 окуучуга ылайыктаганбыз. Лицейде так илимдер баардыгы англис тилинде окутулат. Гуманитардык илимдер кыргыз тилинде. Быйыл кабыл алынган балдарга биз тил жагына катуу көңүл буруп, кийинки жылы бардык сабакты чет тилде окутабыз", - деди Э. Рыскулов.

Лицейге 26 мугалим ишке кабыл алынды. Окуучулар лицейде 100 пайыз бекер окушат. Буга чейин 17-августта Балыкчы шаарындагы мектептердин биринде тестирлөө болуп, ага жалпы өлкө боюнча 1500 окуучу катышкан. Ысык-Көл облусунан 8 окуучу тандап алынган.

Билим берүү жана илим министрлигине караган мекемеге окуучулар 6-классты бүткөндөн кийин тапшырат. (AsK)

XS
SM
MD
LG