Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:28

Орусиянын армиясы Украинанын Одесса облусун аткылады


Одессадагы орус армиясынын соккуларынан жабыркаган имараттын алдында турган аял. 23-июль, 2023-жыл. Архив сүрөт.
Одессадагы орус армиясынын соккуларынан жабыркаган имараттын алдында турган аял. 23-июль, 2023-жыл. Архив сүрөт.

Орусиянын армиясы 25-августка караган түнү Украинанын Одесса облусуна ракеталык чабуул койду. Украин Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы билдиргендей, төрт ракетанын баары абадан атып түшүрүлдү.

"25-августтун түнү душман Кара жана Азов деңиздеринин акваториясынан ракеталык сокку урду. СУ-34 учактарынан түштүк облустарын карай эки Х-59 авиациялык ракетасы жана эки «Калибр» канаттуу ракетасы учурулган эле", - деп жазылат билдирүүдө.

Андан тышкары, Днепропетров облусуна "Шахед" учкучсуз аппараты менен чабуул жасалганы кабарланды.

Жалпысынан соңку бир сутканын ичинде орус армиясы Украинанын аймагына абадан 47 сокку урганы кабарланды. Башкы штаб карапайым тургундар арасында курман болгондор бар экенин кошумчалады.

Маалыматка караганда, учурда жабыркагандардын саны такталууда.

Ал эми фронтто украин армиясы түштүктөгү Мелитополь стратегиялык шаарын карай контрчабуулун улантууда. Ал арада Харьков облусунун Купянск аймагында украин аскерлери орус күчтөрүнүн батышка карай жүрүүсүн токтотуп, туруштук берип жатканы кабарланды.

Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр 24-августтун кечинде билдиргендей, украин күчтөрү "душманды эрдик менен токтото алышты".

Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG