Бишкек мэриясы 80 миңден ашык “Тулпар” картасы сатылганын билдирди

Бишкекте 20-августтан тарта коомдук-муниципалдык транспорттордо жол акы үчүн накталай төлөм кабыл алынбай калды. Жүргүнчүлөр жол кирени электрондук жол менен төлөйт.

Бишкек шаарынын мэриясы борбордо коомдук-муниципалдык транспорттор электрондук төлөмгө өткөн үч күндүн ичинде 80 миңден ашык “Тулпар” картасы сатылганын билдирди. Жүргүнчүлөр карта жок калып жатканын айтып арызданышууда. Мэрия коомдук транспортторго карталарды жеткирүү иштери жүрүп жатканын кабарлады.

Бишкекте 20-августтан тарта коомдук-муниципалдык транспорттордо накталай акча кабыл алынбай жатат. Мындан ары жүргүнчүлөр жол кирени электрондук жол менен - “Тулпар”, “Visa”, “Элкарт” жана башка карталар, Mbank, Megapay, Balance, O!Деньги мобилдик тиркемелери менен QR код аркылуу гана төлөйт.

Бул система эки жыл ичинде ишке киргизилди. Долбоорду 2020-жылдан бери швейцариялык BPC KG компаниясы ишке ашырууда.

Расмий маалыматка ылайык, Бишкекте жүргүнчүлөрдү жеке ишканаларга таандык 1800 кичи автобус 84 каттам боюнча, мэрияга караштуу 135 троллейбус 11 каттам боюнча жана 85 автобус сегиз каттам боюнча ташып жатат. Мындан тышкары Өзбекстандан келген 70 автобусту жеке компания иштетүүдө.

Буга чейин Бишкек мэриясы газ менен жүрүүчү, жүргүнчүлөр үчүн бардык шарттары бар 50 автобус Кытайдан алып келингенин билдирген.

Кыргызстанда коомдук транспортко байланыштуу маселе өлкө эгемендик алгандан бери толук чечилбей келет. Жүргүнчүлөрдү тейлөө сапатына жана транспорттун таңкыстыгына коомчулукта нааразылык көп. (BTo)

Дагы караңыз

Путин генерал Суровикинди кызматтан алганы айтылуудаБалкан өлкөлөрү Украинаны колдогон декларацияга кол коюштуАКШ Кытайды экономикалык ачыктыкты сактоого чакырдыДонецкидеги жикчилдердин мурдагы башчысы абактын ооруканасына жатуудан баш тарттыИталиялык атактуу ырчы Тото Кутуньо көз жумду