Казак министри “Ак-Тилектеги” узун кезек тууралуу комментарий берди

“Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде кезекте турган жүк ташуучу автоунаалар. 22-август, 2023-жыл.

Казакстандын финансы министри Ерулан Жамаубаев кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетиндеги жүк ташуучу автоунаалардын узун кезегине байланыштуу комментарий берди.

“ORDA Kaзакстан” маалымат агенттиги жарыялаган видеодо ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып мындай деди:

“Менин билишимче, ал жерде маңзат аныктоо боюнча операция жүргүзүлгөн. Ушундан улам Чек ара кызматы менен Улуттук коопсуздук комитети тыкыр көзөмөл кылып жатат. Мунун коммерциялык жүктөргө тиешеси жок”, - деди Жамаубаев.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, Казакстан буга чейин “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинен бир саатта 14-15 машине өткөрсө, азыр 4-5 сатта бирден автоунааны өткөрүп жатат.

Бекетте жүк ташуучу автоунаалардын кезеги 20-августтан баштап узара баштаган. 22-августта Кыргызстандан Казакстанга өтө албай турган машинелердин саны 500гө чукулдады.

Кыргыз-казак чек ара бекеттеринде жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги улам эле пайда болуп турат. Кыргыз тарап Ерулан Жамаубаевдин чек арада автоунаалардан маңзат издөө жөнүндөгү сөзүнө комментарий бере элек. (BTo)

Дагы караңыз

Казакстандын Түркстан облусунда 11 адам сууга чөгүп каза болдуМаңзат иши боюнча дагы үч милиция кызматкери кармалдыАк-Сууда коңшусу зордуктаган деген аялдын экспертизасы чыкты Украинадагы согушка катышкан жарандын арызы Жогорку сотто каралуудаАКШнын экс-президенти Дональд Трамп Атлантада камаларын билдирдиКыргыз-казак Чек ара кызматтарынын өкүлдөрү “Ак-Тилектеги” кырдаалды талкуулады