Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:21

АКШнын экс-президенти Дональд Трамп Атлантада камаларын билдирди


АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп. 29-июль, 2023-жыл.
АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп. 29-июль, 2023-жыл.

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп 24-августта Атлантада Жоржия ишине байланыштуу камаларын билдирди. Бул тууралуу ал 21-августта өзүнүн Truth (Чындык) социалдык түйүнүнө жазды.

«Мен Атлантага, Жоржияга барууну көздөп жатам, бейшембиде камалам», - деди ал.

2024-жылкы президенттик шайлоого аттанууну көздөп жаткан Трамп ага коюлган айыпты шайлоо кампаниясын үзгүлтүккө учуратуу аракети деп атап, саясий өңүтү бар экенин белгилеп келет.

Буга чейин Жоржиядагы Фултон аймактык сотунун судьясы Трампты 200 миң доллар күрөөгө бошотуу чечимин чыгарган. Судья Скотт Макаффи мурдагы президенттен иштин күбөлөрүн коркутуу аракеттеринен оолак болууну талап кылды.

Трамптын адвокаттары жана аймактык прокурор Фани Уиллис бул шарттарга макул болушту. Эми Трамп формалдуу түрдө камалып, дароо эле бошотулат. Жоржия штатынын мыйзамдарына ылайык, анын манжаларынын издерин алып, сүрөткө тартышат.

Бул Кошмо Штаттарынын 45-президентине карата козголгон төртүнчү кылмыш иш боюнча тагылган айып болуп калды.

Кылмыш иши 2021-жылы январда Трамптын аталган штаттын республикачыл катчысы Брэд Раффенспергерге телефон чалуусуна байланыштуу козголгон. Анда экс-президент өз пайдасына "11 780 добуш" таап берүүгө жардамдашууну суранган.

2020-жылдагы шайлоодо Жо Байден Жоржияда уткан.

Трамп менен кошо күнөөлөнгөн 18 адамдын арасында экс-президенттин пикирлеши, Ак үйдүн аппаратынын мурдагы башчысы Марк Медоуз, адвокаты Рудольф Жулиани, Юстиция министрлигинин кызматкери Жеффри Кларк жана юрист-консультант Жон Истман бар.

Экс-президентке буга чейин үч кылмыш ишине байланыштуу айыбы угузулган. Анда Трамп соңку президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга, жашыруун документтерди мыйзамсыз сактап турууга жана порнографиялык тасмаларга тартылган актриса Сторми Дэниэлстин оозун жабуу үчүн акча берүү сыяктуу 91 айып коюлган.

Трамп АКШнын тарыхында айып тагылган биринчи экс-президент болуп калды.

XS
SM
MD
LG