Украинанын президенти Владимир Зеленский Сербиянын президенти Александр Вучич менен "ачык-айкын жана жемиштүү жолугушуу болгонун" билдирди.
"БУУнун Уставын сыйлоо, чек аралардын бүтүндүгү, жалпы европалык үйүбүздөгү калкыбыздын келечеги, алакаларыбыздын өнүгүшү тууралуу жакшы сүйлөштүк. Мунун баары биздин жалпы кызыкчылыгыбызга төп келет", - деп жазды Зеленский X социалдык түйүнүндө.
Эки президент Грекиянын баш калаасы Афинада жолукту. Ал жакта азыр Батыш Балкан мамлекеттеринин бейформал саммити өтүп жатат.
Орус газынан көз каранды болгон Сербия Украинага согуш ачканына байланыштуу Москвага санкция киргизүүдөн баш тарткан. Вучич буга байланыштуу Евробиримдиктин басымына кабылганын билдирген. Ошол эле маалда Сербиянын президенти жарандарынын орус тарапта согушка катышуусун колдобойт.
Ал эми Грекиянын премьер-министри Кириакос Мицотакис 21-августта Зеленский менен жолугушуудан кийин Афина Украинаны, анын ичинде Одесса порт шаарын калыбына келтирүүгө жана украин учкучтарын F-16 учактарын башкарууга үйрөтүүгө көмөктөшөрүн билдирди.
Грекия буга чейин НАТО жана Евробиримдиктеги өнөктөштөрүнө кошулуп Украинага колдоо көрсөтөрүн билдирген. Бул мамлекет ошондой эле Киевге аскердик техника жана курал-жарак жөнөткөн.
Дагы караңыз
Орус армиясы Украинанын бир катар аймактарына ракетадан сокку урдуКиров суу сактагычында 14,5 миллион куб метр суу калдыСалык кызматы автоунаа, турак жай салыгын сентябрга чейин төлөөнү эскертти