Орусиянын Коргоо министрлиги төрт дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди

Москвадагы дрон тийип, жабыркаган имарат. 24-июль, 2023-жыл. Орусия.

Орусиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, 22-августка караган түнү Брянск облусунда эки, Москванын четинде эки дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди. Министрлик дрондорду украин армиясы учурду деп эсептей турганын кошумчалады.

Буга чейин Москванын мэри Сергей Собянин Москванын батышында эки учкучсуз аппарат атып түшүрүлгөнүн билдирген.

«Абадан коргонуу системасы эки учкучсуз аппаратты атып түшүрдү. Бирин Красногорск районунда, экинчисин Часцы районунда. Окуялар болгон жерге тийиштүү кызматтар жөнөтүлдү-деп жазылат калаа башчынын Телеграм-каналында.

Красногорск шаары Москванын батыш тарабында, ал эми Часцы шаарчасы баш калаадан 30 чакырым алыстыкта түштүк-батышта жайгашкан.

22-августка караган түнү Москвадагы үч чоң аэропорт - Шереметьево, Домодедово жана Внуково убактылуу жабылып, таңга жакын ишин жандантты.

Орусиянын бийлиги бир нече аптадан бери дрондорду атып түшүргөнүн билдирип, анын баарын Украинадан көрүп келет. Расмий Киев Орусиянын ичинде болгон окуяларга комментарий бербейт.

Дагы караңыз

Спикер кыргыз тили жөнүндө долбоордун өкүлдөрү менен жолуктуЫсык-Көлдө самбо боюнча Дүйнө кубогу башталдыКыргызстан АКШда өткөн аскердик машыгууга катышты