Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:50

Кыргызстан АКШда өткөн аскердик машыгууга катышты


Машыгуунун катышуучулары.
Машыгуунун катышуучулары.

Кыргызстан Борбор Азия аймагындагы башка өлкөлөр менен катар АКШда өткөн аскердик машыгууга катышканын Кошмо Штаттардын Борбордук командачылыгы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, “Аймактык кызматташтык 2023” деп аталган машыгуу Монтана штатындагы авиациялык машыгуу борборунда өттү.

Ага Кыргызстандан тышкары Казакстан, Монголия, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнөн барган аскер кызматкерлери катышып, америкалык кесиптештери менен бирге машыгуу жүргүзүштү.

«Аймактык кызматташтык — өнөктөш өлкөлөр менен мамилебизди бекемдөөнүн жана бирге иштөөнү жакшыртуунун эң сонун мүмкүнчүлүгү», — деди машыгууну жетектеген майор Стивен Юнг.

230дан ашуун катышуучу эл аралык коопсуздукка коркунуч жаратуучу көрүнүштөргө, террордук элементтерге, маңзаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө биргелешип каршы туруу, маалымат алмашууну жакшыртуу ыкмаларын үйрөнүшкөнү кабарланды.

Кыргызстан бул машыгуу боюнча азырынча маалымат бере элек.

АКШ Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрү менен мындай аскердик машыгууну 2004-жылдан бери уюштуруп келе жатат.

Былтыр “Аймактык кызматташтык 2022” машыгуусу Тажикстанда өткөн. (RK)

XS
SM
MD
LG