Казакстандын Түркстан облусунда 11 адам сууга чөгүп каза болду

Сырдарыя. Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын Түркстан облусунун Атырау районунда Сырдарыяга 11 адам чөгүп каза болду.

“Азаттыктын” казак кызматы кырсык 21-августта болгонун, сууга чөгүп кеткендердин ичинен бешөө балдар экенин жазды. Сегиз адамдын сөөгү табылганы жана дагы үч кишинин сөөгүн издөө иштери уланып жатканы кабарланды. Алардын экөө балдар.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү окуя автоунаалар өткөн көпүрөгө жакын жерде болгонун, ал аймакта сууга түшүүгө болбой турганын билдирди. Куткаруучулардын маалыматына караганда, Сырдарыянын жээгинде төрт үй-бүлө, жалпысынан 20 адам эс алып жүргөн.

Июль айынын башында Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууга түшүү мезгили башталгандан бери 59 адам, анын ичинде 19 бала сууга чөгүп каза болгонун кабарлаган. (BTo)

Дагы караңыз

Маңзат иши боюнча дагы үч милиция кызматкери кармалдыКыргыз-казак чек арасындагы машинелердин кезеги дагы узардыТүп районунун акими Каныбек Адиев да кызматтан кеттиКемпир-Абад иши: Жеңиш Молдокматов сот ачык өтүшүн талап кылдыЗеленский: Киев F-16 кыргын салуучу учагын алат