Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:19

Кыргыз-казак чек арасындагы машинелердин кезеги дагы узарды


“Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде кезекте турган жүк ташуучу автоунаалар. 22-август, 2023-жыл.
“Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде кезекте турган жүк ташуучу автоунаалар. 22-август, 2023-жыл.

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде Кыргызстандан Казакстанга өтө албай турган жүк ташуучу автоунаалардын кезеги дагы узарды.

Чек арада турган айдоочулар “Азаттыктын” кабарчыларына Казакстан күнүнө 5-6 гана машинени өткөрүп жатканын, ушул тапта 500гө чукул жүк ташуучу автоунаа кезекте турганын айтып беришти.

“Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде кезекте турган жүк ташуучу автоунаалар. 22-август, 2023-жыл.
“Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде кезекте турган жүк ташуучу автоунаалар. 22-август, 2023-жыл.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 21-августта 370тей машине Казакстанга өтө албай, кезекте турганын билдирген. Мекеме кыргыз тарап автоунаалардын жай өтүшүнүн себептерин талкуулоо үчүн Казакстандын чек ара өкүлдөрү менен жолугушуу маселесин карап жатканын кабарлаган.

Казакстан окуя боюнча азырынча комментарий бере элек. Кыргыз-казак чек ара бекеттеринде утур-утур жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги пайда болуп турат. (BTo/MKt)

XS
SM
MD
LG