"Кастыкты козутуу" беренеси менен милицияга жеткирилген жаран боюнча маалымат берилди

Бектемир Төлөн уулу.

Интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу коомдук маселелер боюнча өз оюн ачык билдирип жүргөн Төлөн уулу Бектемир Бишкекте милиция бөлүмүнө жеткирилди.

Борбор калаанын ички иштер башкармалыгы бул маалыматты 21-августта "Азаттыкка" ырастап, ал Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесине (Расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) ылайык козголгон кылмыш ишинин алкагында жеткирилгенин билдирди.

“Ыкчам тергөө амалдарынын негизинде Төлөн уулу Бектемир аттуу жаранды Бишкек шаарынын ИИББ ЭММККК Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын ГОМ-8 тергөө кызматына жеткиришкен. Кошумча маалымат кийинчерээк жарыяланат”, - деп маалымдады мекеменин басма сөз кызматы.

Төлөн уулу Бектемирди күч органдары кармап кетишкенин алгач укук коргоочу Азиза Абдирасулова кабарлап, “Эч кимге зыяны жок, музыка, искусство тармагында жүргөн, комуз, аккордеон тарткан жигит кимдин куйругун басты?” деп Фейсбукка жазган.

Журналист Аскер Сакыбаева ал тууралуу “Бектемир Төлөн уулу деген чыныгы патриот, өз оюн тайманбай айтып жүргөн чыгармачыл адам ушул болот” деп жазды жана ага адвокат керек болуп жатканын кабарлап, жардам сурады.

Төлөн уулу Бектемирдин Фейсбуктагы баракчасындагы маалыматка караганда, ал Кыргызстанга чет жактан быйыл июль айынын соңунда кайтып келген. (RK)

Дагы караңыз

Тажикстанда Борбор Азия лидерлеринин кеңешмеси өтөтОоганстанда камакка алынган активист аялдар бошотулдуУкраина Запорожьеде аскерлери алдыга жылганын билдирди