Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:06

Украина Запорожьеде аскерлери алдыга жылганын билдирди


Украин аскери
Украин аскери

Украинанын Коргоо министрлиги Запорожье облусундагы Работино жана Мала Токмачка багытында украин аскерлери алдыга жылып баратканын билдирди.

Министрдин орун басары Анна Маляр орус аскерлери Работинодо турумдарын кайтарып алууга аракет кылганын, ал ийгиликсиз болгонун 21-августта маалымдады.

Маляр кошумчалагандай, Запорожье жана Херсон багытында орус армиясы негизинен коргонуп жатат. Ал эми Купянск, Лиман, Авдеевка, Маринкада алдыга жылуу аракетин улантууда. Дүйшөмбүдөгү расмий маалыматта Маринкада орус аскерлеринин чабуулунун мизи кайтарылганы кабарланган.

Херсондун Золотая Балка кыштагына орус күчтөрү дрон менен жардыргыч зат таштаганын, андан бир тургун жараат алганын облустук аскердик администрация билдирди.

Далилдерге карабай, Орусия Украинанын калктуу конуштарына кол салуу болгонун моюнга албайт жана аскердик объектилерге гана чабуул коюп жатканын билдирет.

XS
SM
MD
LG