Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:01

Тажикстанда Борбор Азия лидерлеринин кеңешмеси өтөт


Борбор Азиядагы мамлекеттердин желектери.
Борбор Азиядагы мамлекеттердин желектери.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери 14-15-сентябрда Дүйшөмбү шаарында кеңешмеге чогулат. Тажикстандын басылмалары бул тууралуу тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддинге таянып жазышты.

Маалыматка караганда, чөлкөм лидерлеринин жыйынында транспорт тармагы жана жаштар саясатына байланыштуу эки келишимге кол коюлат.

Тажикстан Борбор Азия мамлекеттеринин президенттеринин жолугушуусунда кошумча 12 иш-чара өткөрүүнү сунуштаган. Алардын арасында экономикалык форум, илимпоздордун жолугушуусу, маданий иш-чаралар жана улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү бар.

XS
SM
MD
LG