Бишкекте көп кабаттуу үйдө жарылуу болуп, бир адам каза тапты

Өрт чалган үй.

Бишкектин үчүнчү кичи районунда көп кабаттуу үйдүн экинчи кабатынан жарылуу болуп, бир адам каза болду. Жабыркагандар такталууда.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына ылайык, Октябрь районунда көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттү өчүрүүгө эки бөлүм жана бир штаб тартылган.

Тилсиз жоо саат 16:25те толук өчүрүлгөн. Министрлик эмне жарылганын тактаган жок. (BTo)

Дагы караңыз

Тажикстанда Борбор Азия лидерлеринин кеңешмеси өтөтHRW: Сауд Арабиянын чек арачылары ондогон мигрантты өлтүргөнЧек ара жаңжалында жабыркагандар үчүн дагы 118 үй куруу сунушталдыКыргыз-өзбек демаркация комиссиясынын жыйыны өттүКемпир-Абад иши: абактагылар ачкачылык жарыялай турганын билдиришти