Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:47

Чек ара жаңжалында жабыркагандар үчүн дагы 118 үй куруу сунушталды


2022-жылы сентябрда чек ара жаңжалында талкаланган үйдүн ордуна кайра курулган үй. Капчыгай айылы.
2022-жылы сентябрда чек ара жаңжалында талкаланган үйдүн ордуна кайра курулган үй. Капчыгай айылы.

Өткөн жылдын сентябрындагы чек ара жаңжалында жабыркагандар боюнча иш алып барган атайын комиссия Баткен районунун аймагында 118 үйдү куруу керектигин аныктады.

Негизинен бир короодон эки үйү жараксыз болгондорго экинчи тамы курулуп берилерин Баткен райондук мамлекеттик администрациясы билдирди.

Атайын комиссия ар бир короону, жараксыз болгон үйлөрдү изилдеп чыгып, санын тактады. Министрлер кабинетине курулуучу үйлөр боюнча сунуш жөнөттү. Маселе каралып, чечим кабыл алынат", - деп билдиришти райондук бийликтин өкүлдөрү "Азаттык" радиосуна.

Ак-Сай айыл аймагынын Капчыгай айылынын башчысы Эркин Жолчуев чек ара жаңжалында жабыркагандар үчүн буга чейин курулуп берилген үйлөр толук пайдаланууга берилип, жоголгон мал-жандыктар жана автоунаалар үчүн кенемте төлөнгөнүн айтты.

"Биздин айылда бир короодо эки үйү жараксыз болгондорго экинчи үйдү куруп берүү маселеси чечилип, андан кийин гана үй ичиндеги буюмдар үчүн кенемте каралары убадаланган", - деди Жолчуев.

Өткөн жылы чек ара жаңжалында Баткен облусунун аймагынан 661 турак жай жабыркап, 417си кайрадан курулуп, пайдаланууга берилген.

300дөн ашуун мал-жандык уурдалып, 88 автоунаа өрттөлгөн. Социалдык жана административдик объектилер, көпүрө талкаланган. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров буга чейин чек ара чырында Кыргызстанга келтирилген чыгым 8 миллиард сомдон ашарын маалымдаган. (JsA)

XS
SM
MD
LG