Орусия, Түркия жана Катар дан боюнча жаңы келишим даярдап жатат

Орусия Түркия жана Катар менен бирге бир ай мурда аяктаган дан келишиминин ордуна жаңы келишим даярдап жатат. Бул тууралуу Германиянын Bild басылмасы жазып чыкты.

Журналисттер 21-июлдан 8-августка чейин Тышкы иштер министрлиги жана Орусия менен Түркиянын элчиликтеринин ортосундагы расмий кат алышууларды изилдешкен. Анда Москва дан келишиминен чыгуу боюнча Анкарага алдын ала эскертүү бергени, ошондуктан Орусия, Түркия жана Катар эски келишимдин ордуна жаңы үч тараптуу келишимдин долбоорун даярдай баштаганы айтылат.

Азыр иштелип жаткан жаңы документке ылайык, орус данын жакыр өлкөлөргө, атап айтканда Африкага жеткирүү пландалууда. Түркия бул иш-чарада уюштуруучу, Катар болсо керектөөчүлөрдүн демөөрчүсү болот.

Ошол эле маалда "Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан мүмкүн болгон макулдашууга карабастан, Москвадан дан келишимине кайтып келүүнү суранууда" деп жазат Bild.

  • Кремль орусиялык жер семирткичтерди жана азык-түлүктү экспорттоо боюнча шарттар аткарылбай жатканын жүйө кылып 17-июлда дан келишиминен чыкканын жарыялаган.
  • 18-июлдан тарта дээрлик күн сайын орус күчтөрү дан экспорттолуп келген Украинанын Одесса облусундагы портторду ракета менен ата баштаган. Кремль буга 17-июлдун кечинде Крым көпүрөсүнө сокку урулганын жүйө келтирген.
  • Буга чейин Түштүк Африка Республикасынын (ТАР) президенти Сирил Рамафоса орус президенти менен африкалык лидерлердин Санкт-Петербургдагы жолугушуусунда Владимир Путинди эгин жана азык-түлүктү украин портторунан ташып чыгууга шарт түзгөн дан келишимине кайтууга чакырган.
  • Дан келишиминин негизинде Одессадагы деңиз портторунан дүйнө рыногуна 33 миллион тоннадан ашык дан экспорттолгон.
  • 2022-жылы 22-июлда Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдө Украина, Орусия жана Түркия Бириккен Улуттар Уюмунун ортомчулугу менен дан экспортун кайра жандантууну келишкен эле. Украина Түркия жана БУУ менен өзүнчө келишимге кол койгон. Ал эми ушул келишимди Орусия тарап Түркия жана БУУ менен өзүнчө түзүп, милдеттенме алышкан.

Дагы караңыз

Казакстанда өрт чыккан шахтада бешинчи кишинин сөөгү табылдыБишкекте коомдук транспорт электрондук төлөмгө өттүКөк бөрү: Дүйнө кубогунун финалдык беттештери башталдыThe Telegraph: Кытай Орусияга тик учак, дрон жана металл жеткирген