Орусия Украинага басып киргенден бери орусиялык компаниялар Кытайдан он миңдеген жүк алышкан. Кеп ракеталык түзүлүштөр, чопкутталган техника, бомбалоочу учактарды чыгарган ишканалар жөнүндө болуп жатат. Бул компаниялардын арасында Батыштын санкцияларына кабылгандар да бар. Бул тууралуу The Telegraph басылмасынын иликтөөсүндө айтылат.
Кытай менен Орусиянын ортосундагы соода быйыл 200 миллиард доллардан ашып, жаңы рекорд коерун аталган басылма белгилеген. Аскердик сектордо потенциалдуу колдонулушу мүмкүн болгон товарлардын экспорту былтыркы жылдын июнь айынан быйылкы жылдын ушул мезгилине карата үч эсе көбөйгөн.
Molfar Global изилдөө уюмунун маалыматы боюнча, согушка эки ай калганда кытайлык Shantou Honghu Plastics компаниясы Орусияга миң дрон жөнөткөн. Социалдык тармактарда жана өзүнүн сайтында бул компания өзүн балдар оюнчуктарынын дүң сатуучусу деп атайт. Дрондор орусиялык "Самсон" деп аталган фирмага жөнөтүлгөн. Бул дагы оюнчуктарды дүңүнөн сатуучу фирма катары катталган. Басылманын айтымында, компаниянын уставдык капиталы болгону 10 миң рублди түзөт.
Украинада согуш башталгандан төрт күндөн кийин кытайлык Hems999 компаниясы Орусияга эки тик учак жөнөткөн. Дагы бир кытай фирмасы Tianjin Huarong Aviation согуш башталгандан бери Орусияга төрт Airbus тик учагын жеткирген. Жабдууларды орусиялык "Урал вертолет" компаниясы алган, анын негизги кардары Росгвардия болуп эсептелет.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, 2022-жылдын башынан 2023-жылдын биринчи кварталына чейин кытай фирмалары 50дөн ашуун орусиялык компанияга оптикалык куурларды жөнөтүшкөн. Бул багыттагы импорт 2022-жылы мурдагы жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көбөйүп, 2,5 миллион долларды түзгөн.
Оптикалык куурлардын көбүн, болжол менен 2500дү, Yiwu Wojie Optics Instrument компаниясы жеткирген. Аны орусиялык CEK компаниясы алган. Ал буга чейин Орусиянын Ички иштер министрлигине ушул сыяктуу буюмдарды жана караңгыда көрүүчү аппараттарды жеткирип турган. Документтерде бул жабдык аңчылыкка арналганы көрсөтүлгөн, бирок The Telegraph белгилегендей, аны согуштук куралдарга ылайыкташтырууга болот.
2022-жылы Кытай Орусияга 18 миллион долларлык титан эритмесин экспорттогон, бул 2021-жылдагыдан дээрлик эки эсе көп. Жеңил жана ысыкка чыдамдуу титан эритмелери аскердик учактарды жана курал-жарактарды өндүрүү үчүн колдонулган негизги материалдардын бири болуп саналат.
Кытай компаниялары ошондой эле Ту-95 жана Ту-160М сыяктуу узак аралыкка учуучу учактарды жасап, аларды тейлөөгө жардам берген "Туполев" ишканасына магний эритмесин жөнөтүшкөн. Бул бомбалоочу учактар Украинанын аймагына ракеталар менен сокку уруу үчүн колдонулган.
КАМАЗ унааларын жана КАМАЗ "Тайфун" чопкутталган транспортун өндүрүү менен байланышкан компаниялар Кытайдан кеминде 520 партия товар (запастык бөлүктөр, ширетүүчү машиналар жана курал-жарактарды жана аскердик техниканы өндүрүү үчүн колдонула турган лазердик машиналар) алышкан. Санкцияга кабылган Магнитогорск темир-металлургиялык комбинатына да Кытайдан жүк барган.
Басылманын айтымында, Кытай үчүнчү өлкөлөр аркылуу да Орусияга чийки зат жеткире алат. Бээжин менен Москва баллистикалык ракеталарды учурууда колдонулган химиялык кошулманы аммоний перхлорат менен камсыздоо боюнча Иран менен жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы кабарланууда. Бул келишим түзүлсө, ал расмий соода реестринен жашырылат.
Батыш маалымат каражаттары Кытай Орусия менен Украинанын ортосундагы согушка карата бейтарап позициясын жарыялаганына карабай, Москвага аскердик техника жана жабдууларды жеткирип жатканын бир нече жолу жазышкан.
Бээжин Орусияга аскердик колдоо көрсөтүү боюнча бардык айыптоолорду четке кагып келет.