Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:22

Казакстанда өрт чыккан шахтада бешинчи кишинин сөөгү табылды


"Казакстан" шахтасы. 2017-жылы тартылган сүрөт.
"Казакстан" шахтасы. 2017-жылы тартылган сүрөт.

20-августка караган түнү Караганда облусундагы "Казакстан" шахтасынан бешинчи кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу көмүр шахталарынын кожоюну эсептелген "АрселорМиттал Темиртау" кабарлады.

Шахтадагы кырсыкта каза болгондордун эң жашы 27 жашта болгон. Улуусу 58 жашта. Алардын алды шахтада 39 жыл иштешкен.

17-августта авария болгон учурда 227 кенчи болгон. Алардын 222си куткарылып, бешөө каза болуп калган. Аталган ишкананын аткаруучу директору Виктор Гафиулов "кырсыктан кийин нес абалда турганын" билдирди.

"Биз шахталардын коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу боюнча системалуу иш жүргүздүк жана бул кырсык биздин бардык аракетибизге олуттуу зыян келтирди. Азыр кандай сөз болсо дагы жакындарын жоготкон үй-бүлөлөрдү соорото албайт", - деди ал.

Буга чейин Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов шахтадагы окуя өндүрүштөгү коопсуздук тармагында мыйзам бузууларга түздөн-түз байланыштуу экенин билдирип, ишкананын жетекчилигин айыптаган.

Өрттүн себептери айтылган жок. Алдын ала маалыматка караганда, конвейердин лентасы өрттөнүп, коюу түтүн жана температуранын жогору болгонунан улам беш адам шахтадан чыга албай калган.

Ушул эле шахтада 2022-жылы октябрда дагы кырсык катталган. Анда төрт шахтер жараат алган. Дарыгерлер алар метанга ууланып, денесинен жараат алганын билдиришкен.

"АрселорМиттал Темиртау" компаниясы Казакстанда 15 көмүр шахтасына жана темир кендерине ээлик кылат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG