АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп келерки жуманын аягында - бейшемби же жума күнү Жоржиядагы Фултон округундагы түрмөгө өз ыктыяры менен барары айтылды. Бул тууралуу CNN укук коргоо органдарындагы жогорку кызматтагы булакка таянып билдирди.
Буга чейин Трампка Жоржия штатында жаңы айып коюлган. Анда арачылардын чоң калысы Трамп 2020-жылдагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу аракетине катышы бар болушу мүмкүн деп тапты.
Бул Кошмо Штаттарынын 45-президентине карата козголгон төртүнчү кылмыш иш боюнча тагылган айып болуп калды.
Бул кылмыш иши 2021-жылы январда Трамптын аталган штаттын республикачыл катчысы Брэд Раффенспергерге телефон чалуусуна байланыштуу козголгон. Анда экс-президент өз пайдасына "11 780 добуш" таап берүүгө жардамдашууну суранган.
2020-жылдагы шайлоодо Жо Байден Жоржияда уткан.
Трамп менен кошо күнөөлөнгөн 18 адамдын арасында экс-президенттин пикирлеши, Ак үйдүн аппаратынын мурдагы башчысы Марк Медоуз, адвокаты Рудольф Жулиани, Юстиция министрлигинин кызматкери Жеффри Кларк жана юрист-консультант Жон Истман бар.
Прокуратура айыпталуучулар 25-августка чейин өз ыктыярлары менен келе турганын билдирген.
ABC News билдиргендей, бул күнгө чейин Трамптын адвокаттары райондук прокуратура менен күрөөгө акча төлөө боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Кепилдик келишими сот тарабынан бекитилбесе, Трамп абакта кала берет. Фултон округунун шерифи буга чейин Трампка жана анын шериктерине башка айыпталуучулардай мамиле кылуу ниетин билдирген. Бул аларды сүрөткө тартып, манжа изин алууга болот дегенди билдирет.
Экс-президентке буга чейин үч кылмыш ишине байланыштуу айыбы угузулган. Анда Трамп соңку президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга, жашыруун документтерди мыйзамсыз сактап турууга жана порнографиялык тасмаларга тартылган актриса Сторми Дэниэлстин оозун жабуу үчүн акча берүү сыяктуу 91 айып коюлган.
Кылмыш иши менен катар Трамп 2024-жылдагы АКШдагы президенттик шайлоого карата кампаниясын улантууда.
Трамп АКШнын тарыхында айып тагылган биринчи экс-президент болуп калды. (КЕ)
Дагы караңыз
Бишкек шаардык милициясынын башчысы алмаштыСузакта жаранды беш күн мыйзамсыз кармап, ур-токмокко алган топ кармалдыЫсык-Көлдө кыргыз-казак аскерлеринин машыгуусу башталдыWP: Орусия алты миңдей жанкечти дрондорун чыгарууну көздөйт