Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:28

Сузакта жаранды беш күн мыйзамсыз кармап, ур-токмокко алган топ кармалды


Сүрөт ИИМден алынды.
Сүрөт ИИМден алынды.

Ички иштер министрлиги Жалал-Абад облусунун Сузак районунда Ош облусунун Алай районунун тургунун беш күн мыйзамсыз кармап, тоноого шек саналган жарандар кармалганын билдирди. Маалыматка караганда, буга байланыштуу К. уулу Т аттуу жаран арыз менен кайрылган. Аны 8-августка караган түнү Өткүр, Алмаз, Арзыбек жана Байел аттуу балдар Атабеков айыл аймагынан кармап, күч колдонуп машинага салып кетишкен. Жабырлануучу 13-августка чейин бейтааныш үйдө кармап, аны коркутуп акча талап кылып, уруп-сабаганын арызында белгилеген.

Бул факты боюнча "Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу" жана "Тоноо" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, кийин шектүүлөр кармалды. Алар Сузак районунун 21-24 жаштагы тургундары экени, бири мурда соттолгону аныкталды.

Учурда алардын бети ачыла элек кылмыштарга тиешеси бар же жоктугун аныктоо иши жүргүзүлүүдө.

Соңку убакта кылмыштуулукка, анын ичинде уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшкө, коомдук тартипке, жол кырсыктарына, Ысык-Көлдө эс алуучулардын коопсуздугуна байланыштуу маалыматтар чыгып, алар коомчулукта кызуу талкууланып жатат.

Ысык-Көл райондук милициясы көл жээгиндеги мушташтын чоо-жайын иликтеп жатканын, шектүү катары үч киши кармалганын облустук ички иштер башкармалыгы "Азаттыкка" 17-августта билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, факт райондук милициянын электрондук журналына катталды, тийиштүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Окуя 16-августта "Радуга Вест" эс алуу борборунун жанындагы жээкте болгону, ижарага скутер берип иштеткен кишиге карата чара көрүүнү өтүнүп 55 жаштагы эс алуучу жана анын 27 жаштагы уулу кайрылышканы, алар Казакстандын Алматы шаарында жашаган кыргыз жарандары экени маалымдалган.

Эс алуучулардын айынан скутердин моторуна суу кирип кеткени, алгач алар оңдогонго акча төлөп берерин убада кылып, бирок жээкке чыккандан кийин баш тартып коюшканы, скутердин ээси ошого ызаланып, мушташ башталганы айтылууда.

Жакында эле Ысык-Көлгө Таластан эс алганы барып, жээкте каза болгон 23 жаштагы жигиттин өлүмү коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Алгач ал өзү талма оорусу кармап каза болгону айтылган, кийин видеосу ачыкка чыккандан кийин териштирүүнү президент өз көзөмөлүнө алып, төрт шектүү кармалган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG