Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:26

WP: Орусия алты миңдей жанкечти дрондорун чыгарууну көздөйт


Орус армиясы Украинадагы согушта колдонуп жаткан, Иранда өндүрүлгөн "Шахед" дрону.
Орус армиясы Украинадагы согушта колдонуп жаткан, Иранда өндүрүлгөн "Шахед" дрону.

Орусия 2025-жылга чейин Татарстандагы "Алабуга" экономикалык аймагында "Шахед" сыяктуу алты миңдей жанкечти дрон чыгарууну көздөйт. Бул тууралуу Washington Post басылмасы жазды. Журналисттердин колуна Орусияда ирандык дрондорду чогултуу боюнча документтер тийген.

Татарстандагы "Алабуга" экономикалык аймагында аскердик дрондорду чогултуу иши жолго коюлганын буга чейин "Протокол" басылмасы жана "РЗВРТ" YouTube-каналы маалымдаган.

Washington Post жазгандай, орусиялык инженерлер Ирандын Shahed-136 дронунун өз версиясын чыгаруу үчүн иштеп жатышат.

Иран Орусияга дрондорду Украинадагы согушка чейин эле жибергенин айтып келет.

Бул аптада Financial Times басылмасы жазгандай, Вашингтон Иранга басым жасап, Орусияга учкучсуз аппараттарды сатууну токтотууну талап кылууда.

Буга чейин CNN каналы АКШнын чалгын кызматтарына таянып, Иран Орусияга дрон заводун курууга көмөктөшүп жатканын жазган.

Завод 2024-жылдын башында курулуп бүтөрү маалым болгон. Талдоочулар завод иштей баштаса, Украинадагы согушка сезилерлик таасир көрсөтүшү мүмкүн деп эсептешет.

Буга чейин "Idel.Реалии" сайты Алабуга аймагында дрон чыгаруу ишине студенттер жана өспүрүмдөр тартылып жатканын жазган.

XS
SM
MD
LG