Орусиянын Коргоо министрлиги 18-августта таңга маал Москва шаарындагы объекттерге чабуул жасоого аракет кылган дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди. Мунун алдында шаар мэри Сергей Собянин дрондун сыныгы Красноречинск районуна түшкөнүн кабарлаган.
Чукул кызматтардын маалыматына караганда, анда "Экспоборбордогу" павильондордун бири жабыркаган. Жарадар болгондор тууралуу маалымат берилген жок.
Орусия мындай чабуулдарга байланыштуу Украинаны айыптап келет. Киев адатта Орусиянын ичиндеги мындай окуяларга комментарий бербейт жана жоопкерчилик албайт.
Орусиянын бийлиги буга чейин дагы Москвага дрон аркылуу чабуул жасалганын бир канча жолу билдирген.
Дагы караңыз
Анкара Москвадан Кара деңиздеги кырдаалды курчутпоону талап кылды УКМК: маңзат соодасына шек саналган милиция кызматкерлери кармалды ЭлТР менен “ПолитКлиниканын” сотуна күбөлөр келген жок Өзбекстан: АКШга мыйзамсыз кетирүүнү убада кылган адам кармалды Киев F-16 согуштук учактарын быйыл албай калышы мүмкүндүгүн билдирдиСары-Жаз ГЭСтер каскадын Кытайдын ТВЕА компаниясы курат