Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Бишкекте синтетикалык маңзат соодасына шек саналган беш милиция кызматкери кармалганын билдирди. Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгү ("баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү"), 343-беренесинин 2-бөлүгү ("опузалап пара талап кылуу") жана 262-беренесинин 1-бөлүгү ("кылмыш чөйрөсүн түзүү)" беренелери менен кылмыш иши козголду.
"Кармалган милиция кызматкерлери ыкчам-иликтөө мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып, синтетикалык маңзатты өзү колдонуу үчүн сатып алган адамдарды аныкташкан. Аларды кармаган учурду телефонго тартып алып, камай турганын айтып акча өндүрүп жүрүшкөн. Коркутуунун жана психологиялык басымдын астында милиция кызматкерлерине 20 миң сомдон беш миң долларга чейин берүүгө мажбур болушкан. Тергеп-иликтөөдө соңку эки жылда ушундай 200дөн ашык учур тууралуу маалымат алынды. Бул синтетикалык баңгизатка каршы күрөшүүдөгү чыныгы абалды жаап-жашыруунун эбегейсиз көрүнүшү болуп саналат", - деп жазылган маалыматта.
Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Алар ички иштер органдарынын кайсы бөлүмдөрүнүн кызматкерлери экени айтылган жок.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.
Милициянын маалыматына ылайык, былтыр 230 килограммдан ашык психотроптук заттар алынып, онго жакын баңгизат лабораториясынын иши токтотулган.
Дагы караңыз
Бишкекте сугат суулары үчүн жаңы скважиналарды бургулоо уланып жатат Баткендеги Зардалы айылына каттаган жалгыз жол кеңейтилди ЭлТР менен “ПолитКлиниканын” сотуна күбөлөр келген жок Европада Сорос фонддорунун программалары жабылатӨзбекстан: АКШга мыйзамсыз кетирүүнү убада кылган адам кармалды Киев F-16 согуштук учактарын быйыл албай калышы мүмкүндүгүн билдирдиСары-Жаз ГЭСтер каскадын Кытайдын ТВЕА компаниясы курат