Ала-Бука: жыландын уусун мыйзамсыз сатууга шек саналгандар кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунда жыландын уусун мыйзамсыз сатууга шек саналып төрт адам кармалганын билдирди. Алардын үчөө Кыргызстандын, бирөө чет өлкөлүк жаран экенин кабарлады.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 292-беренеси ("сатуу максатында күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү") менен кылмыш иши козголду.

"Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдардын алкагында "Gurza – vipera Leberetna turaniga" деп аталган күчтүү уулуу заттын ири партиясын сатууга бөгөт коюлду. Ала-Букада аталган заттын 500дөн ашык ампуласын (1 ампула 5 г) сатып жаткан жеринен төрт адам кармалды. Жыландын күчтүү уусунун партиясы коңшу мамлекеттердин биринен Кыргызстанга мыйзамсыз алынып келгени аныкталды. Кармалган зат фармакологияда жана медицинада, ошондой эле синтетикалык дарыларды өндүрүүдө колдонулат. Бир грамм гюрза уусунун баасы көмүскө базарларда 300дөн 600 далларга чейин бааланат", - деп жазылган.

УКМК кармалгандар тергөө камак жайына киргизилип, тергеп-иликтөө уланып жатканын кошумчалады. Кармалган чет өлкөлүк жаран кайсы мамлекеттен келгенин тактаган жок.

Дагы караңыз

Украина аймактарынан баш тартуу ыктымалдыгын четке какты АКШ талибдерди ооган аялдарынын укугун сактоого чакырды Боомдогу жол кырсыгында үч адам мерт болуп, алты киши жараат алдыЛенин округундагы кайра шайлоо: БШК үч адамды талапкерликке каттаган жокЛатыш-беларус чек арасын кайтарууга армия менен полиция көмөктөшөтФБРдин экс-агенти Дерипасканын пайдасына иштегенин мойнуна алды Чолпон-Атада кыргыз-өзбек өкмөт өкүлдөрүнүн жыйыны башталат