"Билим берүү жөнүндө" мыйзамы күчүнө кирди

иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга 11-августта кол койду. Бул тууралуу маалымат “Токтом” порталына 15-августта жарыяланды.

Андагы маалыматта жаңы мыйзамга ылайык, билим берүү мекемесинин жетекчиси беш жылдык мөөнөткө дайындалары, билим берүү уюмдарын аккредитациядан өткөрүү ыктыярдуу негизде жүргүзүлөрү жазылган.

Мыйзам кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирди.

Жогорку Кеңеш бул мыйзамды 29-июнда кабыл алган. Долбоорду даярдоого билим берүү уюмдары, эксперттер жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирген жумушчу топ катышкан.

Анда мыйзамдагы жаңылык катары бала бакча ачуу жеңилдей турганы, мектептерди текшерүү жана мугалимдердин кагаз толтурмай түйшүгү азая турганы, ваучер системасы кирери, мектептерди аккредитациялоо талабы жоюлары айтылган. Мындай жеңилдиктер өлкөдөгү бала бакча, мектептердин жетишсиздигин жоюуга өбөлгө болору белгиленген.

Билим жана илим багытындагы беш мыйзамдын ордуна бирдиктүү бир мыйзамды иштеп чыгуу аракетин өкмөт эки жыл мурда баштаган. Министрлик өзүнчө, депутаттар эксперттик топ менен бирге өзүнчө эки долбоорду иштеп чыгышкан. Натыйжада экөөнүн макулдашылган варианты парламенттин кароосуна киргизилген эле.

Дагы караңыз

Дональд Трампка төртүнчү кылмыш ишине байланыштуу айып тагылды Владимир Зеленский Донецкидеги аскер бригадаларынан кабар алды Балдардын маалымат коопсуздугу жаатындагы мыйзамдар өзгөрдү Иран Шираздагы мечитке тажик жараны кол салганын билдирди