Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:31

Балдардын маалымат коопсуздугу жаатындагы мыйзамдар өзгөрдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров 14-августта балдардын маалымат коопсуздугу жаатындагы бир катар мыйзамдарга (Укук бузуулар кодекси, "Кыргызстандагы балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө” жана “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзамга кол койду.

Ага ылайык, документтер “балдардын маалымат коопсуздугу”, “балдардын ден соолугуна же өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалымат”, “маалымат продукциясы”, “балдар үчүн маалымат продукциясы” деген түшүнүктөр менен толукталды. Ошондой эле жашы жете элек балдардын өнүгүүсүнө зыян келтириши мүмкүн болгон берүүлөрдү, маалыматтарды чектөө, таратууну тыюу талаптары жазылды. Андан сырткары балдарга зыян делген маалыматтардын тизмеси берилди.

Бул мыйзам долбоорду Жогорку Кеңеш 22-июнда кабыл алган. Документтин автору, депутат Жамиля Исаева бала психикасы турукташа элек болгондуктан компьютер оюндарынын, уюлдук байланыштын, жарнаманын, өзгөчө интернеттин таасирине башкаларга караганда көбүрөөк кабыларын белгилеген. Депутаттын пикиринде, сунушталган мыйзам долбоору маалымат-коммуникация тармагында баланын маалымат коопсуздугун камсыздоо маселелерин чечет.

Анын алдында “Медиа Полиси Институту” кайрылуу жасап, бул мыйзамды кабыл алууга каршы туралы, аны тийиштүү мекемелер жана уюмдар менен бирге дагы бир сыйра талкуулап чыгалы, президентти ага кол койбоого чакыралы деп үндөгөн.

Уюмдун юристи Акмат Алагушев балдарды интернеттеги терс таасирден коргоо үчүн деген жүйө менен иштелип чыккан мыйзам долбоору иш жүзүндө аларды коргой албастыгын айткан. Ошондой эле “балдарды коргоо” деген шылтоо менен Жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркин иштөөсүнө тоскоолдук жаратышы, цензураны пайда кылышы ыктымалдыгын эскерткен.

XS
SM
MD
LG