ӨКМ орусиялык альпинисттерди издөөнү токтотту

ӨКМдин куткаруучуларынын альпинистерди издөө учуру. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт. Июль, 2023-жыл

"Жеңиш" чокусуна чыгып кетип, дайынсыз болуп жаткан орусиялык альпинисттерди издөө иши токтотулду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, издөө ишине Коргоо министрлигинин тик учагы да тартылган.

"Куткаруучулар 4100 метр бийиктиктеги "Түштүк Эңилчек" базасынан издеп, андан ары тик учак менен 6000 метр бийиктикке көтөрүлүп, жоголгон альпинисттерди издешти. Жоголгон туристтердин бириндеги GPS-трекердин сигналы боюнча алардын жыгылган жери аныкталды. Бирок катаал аба ырайынан жана өтө кооптуу болгондуктан, куткаруучулар үчүн ал жакка түшүү коркунуч жаратты. Ошондуктан, куткаруучулар базага кайтышты, издөөнү токтотуу чечими кабыл алынды", деп жазылган маалыматта.

Анда ошондой эле издөө иштери Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өтүнүчү менен жүргүзүлгөнү да кошумчаланган.

Буга чейин орусиялык үч жана литвалык бир жаран 13-июлда Жеңиш чокусуна жүрүшкө чыкканы, 19-июлда акыркы жолу байланышып, андан бери кабарсыз болуп жатканы маалым болгон.

Казакстандык альпинист Ярослав Сабырбаев "Азаттыкка" бул команданын курамында болуп, бирок белгилүү себептерден улам чокуга чыкпай калганын билдирген.

Сабырбаев Mountain.ru сайтына топ 19-июль күнү артка кайтканын, 7200 метр бийиктикти көрсөтүп жаткан трекери дароо 6579 метрди көрсөтүп калганын айтып берген. Мындан кийин алар менен байланышуу мүмкүн болгон эмес.

Ал эми 24-июлда спутник байланышы аркылуу туристтерге жардам керектигин билдирген (GPS-трекер) координат келип түшкөн. Мындан улам алар менен келишим түзгөн "Аксай трэвел" компаниясы ижарага алынган тик учак менен издөө иштерин жүргүзүп, натыйжа болгон эмес.

Орусиялык Дмитрий Павленко жана анын жубайы Светлана Великанова бир канча жылдан бери Кыргызстанда жашап келген.

Алар былтыр 24-майда Чүй облусунун аймагындагы Путин чокусуна Украинанын желегин орноткон видеосун жарыялагандан кийин милицияга чакырылганын "Азаттыкка" билдиришкен.

Алар Кыргызстандагы жашоосу, тоолорго болгон сүйүүсү жөнүндө "Азаттык+" программасында ой бөлүшкөн.(ZKo)

Дагы караңыз

АКШ президентинин уулу Хантер Байдендин ишин атайын прокурор иликтейт Орусиялык дагы бир офицер Литвадан башпаанек сурадыОш-Кара-Суу жолундагы көпүрөдө суу түтүгү кулап, эки кишинин өмүрү кыйылды Өзбекстанда блогерлерге кысым күчөдү Украина Сумы облусу ракета менен аткыланганын билдирди Мауи аралындагы өрттө каза болгондор 70ке чукулдады Бишкекте троллейбустардын иши калыбына келди