Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:37

АКШ президентинин уулу Хантер Байдендин ишин атайын прокурор иликтейт


Президент Жо Байден уулу Хантер Байден менен. 2010-жыл.
Президент Жо Байден уулу Хантер Байден менен. 2010-жыл.

Хантер Байденге июнь айында салыкты жашырган жана АКШнын курал-жарак мыйзамын бузган деген айып тагылган.

12-августта АКШнын баш прокурору Меррик Гарланд анын ишин иликтеген прокурор Дэвид Вайстын макамын атайын прокурорлук даражага чейин көтөрдү. Муну менен Вайс иликтөөсүн улантууга кошумча укук алды.

"Америка авазы" Делавэрдин соту Хантердин күнөөсүн мойнуна алуу боюнча келишимге келүү сунушун четке какканын жазды.

Атайын прокурор Вайс иликтөөнүн жыйынтыктарын Юстиция министрлигине берип, бүтүмүн жарыялайт.

53 жаштагы Хантер Байден бир топ жылдан бери Трамптын жана анын республикачыл тарапташтарынын сынына кабылып келет.

Анын ысымы буга чейин Украинага байланышкан ызы-чууда чыккан. Ал 2014-жылдан 2019-жылга чейин Украинадагы «Бурисма» аттуу газ компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон.

«Бурисмага» иш козголуп, бирок мыйзам бузуу жок деген негизде жабылып калганы айтылган.

XS
SM
MD
LG