Орусиянын Коргоо министрлиги Крымда Украинанын 20 дронун жок кылганын кабарлады.
"Он төрт учкучсуз учак абадан коргонуучу каражаттар менен атып түшүрүлдү. Калганы радиоэлектрондук тоскоолдуктардын натыйжасында жок кылынды",- деп жазылган маалыматта.
Социалдык тармактарда Крымга түндө чабуул жасалганы тууралуу видео тасмалар тарады. Маалымат каражаттары аймакта Орусиянын курал-жарак базасы жайгашканын жазып жатышат.
Украинанын Сумы облустук аскердик администрациясы акыркы суткада ракетадан 51 аткылоо болгонун маалымдады. Аткылоодон эки үй жабыркаганы кабарланды. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.
Эки тараптын тең маалыматтарын согуш шартында тактоого мүмкүн эмес.
Орусиянын артиллериясы дээрлик күн сайын Сумы облусунун чектеш аймактарын аткылап келет. Июлда облус жетекчилиги чек арадагы элди көчүрүү зарылчылыгын айткан.
Орусия Украинага 2022-жылы 24-февралда кол салган. Бул аралыкта Украинада тогуз миңден ашуун жай тургун каза болуп, 16 миңден ашууну ар кандай деңгээлдеги жараат алганын Бириккен Улуттар Уюму жарыялаган.
БУУ мындай сан документтештирилген учурларга гана таянып эсептелгенин, мерт кеткендер менен жабыр тарткандардын чыныгы көрсөткүчү мындан алда канча көп болушу мүмкүндүгүн белгилейт.