Кыргыз тилиндеги берүүлөрү аз телеканалдар айыпка жыгылды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө” мыйзамда көрсөтүлгөн эрежелерди сактабаган эки телеканалга айып пул салды.

Алар “312 КИНО” жана “312 ТВ” телеканалдары. Мыйзамга ылайык, эфирге чыгып жаткан берүүнүн 50% кыргыз тилинде, 50% жергиликтүү контент болуш керек. Ушул эрежелерди сактабаганы үчүн телеканалдардын ар бири 23 миң сомдон айып пул төлөйт.

Министрлик жарым жыл ичинде жети телеканалга - “312 Музыка”, “НТС” (Жаша), “Кью спорт” (Q-Sport Arena), “Бакайнур-Мега” (Next TV), “Тумар ТВ” пландуу текшерүү жүргүзгөн.

"Телекөрсөтүү жана радиоберүү жөнүндө" мыйзам 2008-жылы кабыл алынып, 2011, 2014-2017-жылдары өзгөртүлүп, толуктоолор киргизилген. Мыйзамга жеке менчик телеканалдардын көпчүлүгү каршы чыгып, шарттары катаал экенин айтып келишкен.

Ушу тапта Кыргызстанда 60тан ашуун менчик ТВ, радио каналдар бар. (КЕ)

Дагы караңыз

Украинадан 9 миллиондой адам чыгып кеттиАКШ "Белавиага" жана жарандык авиациянын Минскидеги заводуна санкция салдыСергиев Посаддагы жардыруудан бир киши мерт кетти, 60тай киши жабыркадыОрус армиясы Украинанын Запорожье шаарын аткылады