Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:38

Орус армиясы Украинанын Запорожье шаарын аткылады


Запорожье, 9-август, 2023-жыл
Запорожье, 9-август, 2023-жыл

Орус армиясы 9-августтун түнү Украинанын Запорожье шаарына ракетадан сокку уруп, эки киши каза болду.

Бул тууралуу Украинанын ички иштер министри Игорь Клименко кабарлады. Өлкө президенти Владимир Зеленский мунун алдында үч киши каза болгонун кабарлаган. Клименконун белгилешинче, бир киши оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды.

Жергиликтүү бийлик ооруканага жаткырылган жети кишинин үчөө оор абалда экенин билдирди.

Запорожье облустук аскер администрациясынын башчысы Юрий Малашко ракеталык соккудан кийин кыйраган православ чиркөөсү тартылган видеону жарыялады. Анын жанындагы соода борбору дагы талкаланган.


Украин маалымат каражаттары сокку турак жайга тийгенин жазса, орусиялык Телеграм-каналдары "Мотор Сич" заводу бутага алынганын айтышууда.

Геолокация снаряддар компаниянын имараттарынан 200 метр алыс түшкөнүн көрсөтүүдө.

Украинанын президентинин аппаратынын жетекчиси Андрей Ермак Телеграмга шаарга "Искандер" ракетасы менен сокку урулганын жазды.

XS
SM
MD
LG