Бишкек шаардык соту Айжана Мырсандын арызын канааттандырган жок

Айжан Мырсалиева.

Бишкек шаардык соту социалдык тармактарда Айжана Мырсан деген ат менен белгилүү жарандык активист Айжан Мырсалиеванын арызын 4-августта карап, канааттандырган жок.

Буга чейин Биринчи май райондук соту аны күнөөлүү деп таап, 100 миң сом айып пул салганы 23-мартта белгилүү болгон. Шаардык сот бул чечимди өзгөртүүсүз калтырды.

Былтыр 23-июлда Бишкектин Октябрь райондук милициясы жарандык активистке Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (“Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу”) менен кылмыш ишин козгогон.

Милиция буга интернеттеги мониторингдин алкагында былтыр 16-мартта Тик-Ток социалдык тармагындагы @rinat_usupbaev деген аккаунтта жарыяланган Айжан Мырсалиеванын видеосу себеп болгонун айткан. Анын сөзүндө улут аралык кастыкты козутуу болгону жана видео социалдык тармактарга кызуу талкууга алынып, чыр-чатакка алып келиши мүмкүн экени белгиленген.

Былтыр 23-июлда Айжан Мырсалиева жактоочусунун коштоосунда тергөө кызматына барып, тийиштүү иш-аракеттерге катышкан.

Дагы караңыз

Польша Беларус менен чек арасына эки миң кошумча аскер жөнөтөтПрезидент Жапаров санкция боюнча АКШ сенаторунун катына жооп бердиСергиев Посаддагы жардыруудан бир киши мерт кетти, 60тай киши жабыркадыРайондук сот экс-депутат Саматбек Ибраевдин уулун сот залынан бошотту