Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:43

Райондук сот экс-депутат Саматбек Ибраевдин уулун сот залынан бошотту


Данияр Ибраев. ИИМ тараткан сүрөт. Архив.
Данияр Ибраев. ИИМ тараткан сүрөт. Архив.

Бишкектин Свердлов райондук соту 20-июлда Жогорку Кеңештин экс-депутаты Саматбек Ибраевдин уулу Данияр Ибраевди алдамчылык боюнча күнөөлүү деп таап, жети жылга абакка кесүү чечимин чыгарды. Бирок үч жылдык пробациялык көзөмөл менен аны сот залынан бошотту.

Соттун чечимине ылайык, Ибраев жалпы көлөмү 19 млн 821 миң доллар материалдык чыгымдын ордун толтурууга милдеттендирилди.

Данияр Ибраевге бир нече алдамчылык аракеттерин жасагандыгы үчүн 2019-жылдын декабрь айында Бишкек шаардык милициясы кылмыш ишин козгогон. Ал ири курулуш компанияларынын жетекчилеринин ишенимине кирип, курулуш материалдарын ташып берүүнү убада кылып, 19 млн 821 миң АКШ долларын алган. Акчаны алгандан кийин изин жашырып кеткен.

2020-жылдын февраль айында Ибраевге Интерпол аркылуу издөө жарыяланган. Ошол жылы 27-февралда Болгариянын баш калаасы Софиянын борборунан кармалып, камакка алынган.

Андан соң Ибраев адам укуктары боюнча Европалык сотко, андан сырткары Болгариянын компетенттүү органдарына кайрылып, укугу корголо турган өлкөнү издеп жүргөнүн билдирген. Адвокаттар экстрадициялоо боюнча чечимге каршы арызданышкан. Апелляциялык сот аны үй камагына чыгарган.

Былтыр майда Болгариянын Варна шаарынын райондук соту аны камакка алуу чечимин чыгарган. Бирок Ибраевдин кайда жүргөнү белгисиз болгон. Аны кармоо боюнча Кыргызстандын ИИМи быйыл 18-январда Интерполго кайрадан кайрылып, Ибраев Болгарияда кармалганы белгилүү болгон.

31 жаштагы Данияр Ибраев - Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Саматбек Ибраевдин уулу. Бишкекте ата-бала Ибраевдерге акчасын алдатып жиберген ондогон киши митинг өткөргөн. Экс-депутат андай айыптарды төгүндөгөн.

Бишкек шаардык милициясы 2020-жылы бир нече курулуш компаниясынын өкүлдөрү Данияр Ибраевдин үстүнөн арыз менен кайрылганын билдирген. Милициянын маалыматы боюнча, "Ибраев жети курулуш компаниясын 507,3 миллиондон ашуун сомго алдап кеткен" деп шек саналууда.

XS
SM
MD
LG